Суббота, 4 мая

Талант Мамытов: Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычын кантип башкарат?

0

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов тармактык комитеттин жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычын кантип башкара турганын сурады.

Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Сокеев биргелешкен комиссия түзүлүп, ага кыргыз тараптан 12 адам кире турганын айтты.

«Комиссиянын курамында Суу ресурстары кызматынын, ӨКМдин, Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери кирет. Бул комиссия күн сайын, эч бир тоскоолдуксуз иштейт. Эки өкүл туруктуу негизде ошол жакта болот, калганы зарыл учурда барып иштейт. Бүгүнкү күндө биз суу сактагычка кире албайбыз, көзөмөлдөй албайбыз», — деди Сокеев.

Ошондой эле ал суу сактагычты оңдоо, тейлөө иштерин өзбек тарап жүргүзөрүн, биргелешкен комиссия сууну гана көзөмөлдөп турарын белгиледи.

Ал эми Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев Кемпир-Абаддан чыккан суудан Кыргызстандын 18 миң гектар жери сугарыларын айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз