Суббота, 27 апреля

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу кийинки жылы башталышы күтүлүүдө

0

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу кийинки жылы башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси кийинки жылдын апрелинде бүткөрүлүүгө тийиш. «Ал эми курулушу күзүндө башталышы мүмкүн», — деп кошумчалады Жапаров.

Ал белгилегендей, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо да пландалууда.

«Өзбекстан менен Казакстан долбоорго катышууга ниеттенүүдө. Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Балким, 2023-жылы баштайбыз», — деди Жапаров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз