Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Европа Парламентинин өлкөсүн «террорду колдогон өлкө» катары аныктаган чечимине каршылык көрсөттү.
Россия-1 мамлекеттик каналына маалымат берген Лавров Европа Парламентинин бул чечимине токтолуп: «Менин оюмча бул акыл-эси ордунда адамга түшүнүктүү, бирок менин медициналык билимим жок»,- деди.
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова да чечим тууралуу: «Европа Парламентин «акылсыздыктын демөөрчүсү» деп аныктоону сунуш кылам», — деген.
Европа Парламенти кечээ «ырайымсыз жана адамгерчиликке жатпаган иш-аракет» деген айыптоо менен Орусияны «террорду колдогон өлкө» катары аныктаган чечим долбоорун кабыл алды.