2023-жылдын аягына чейин Кыргызстанга 97 тез жардам унаасы алынып келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен 33 унаа Баткен облусуна жөнөтүлөт. 2023-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги 20 көп тармактуу оорукананын курулушу менен алектенет.
Ошондой эле, Баткен облусунун Лейлек районуна 230 орундуу оорукана курулат. Курулуш Катар фонду тарабынан каржыланат.
Баткенде да 2 өлүккана курулат.