Вторник, 21 мая

Кытайда коронавирустун айынан уюштурулган митингдерде саясий талаптар коюла баштады

0

Кытай бийлиги коронавирус оорусунун рекорддук өсүшү тууралуу маалымдады. Бул тууралуу Кыргызстандын Республикалык штабынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, Кытайда акыркы күндөрү коронавирустун 39 миң 791 жаңы учур аныкталган. Алардын ичинен 3 миң 709унда оорунун белгилери билинген, 36 миң 82синде белгилери билинбеген учур. Мындан тышкары, бир адам каза болгон.

Ошентип, Кытайда COVID-19ду жугузуу учурлары 271 миң 159га чейин өсүп, ал эми адам өлүмүнүн саны 5 миң 233кө жеткен.

Муну менен катар Кытайдын айрым шаарларында коронавирустун айынан киргизилген чектөөлөргө каршы эл нааразычылык акцияларын уюштурууда. Урумчу шаарынан кийин Шанхайда да митингдер уюштурулду. Коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөргө каршы чыккан эле саясий талаптарды да коё баштады. Митингчилер бийликтин отставкасын да талап кылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз