Воскресенье, 19 мая

Сокулукта аялын өлтүргөн соң жиликтеп салган адам Орусияда кармалды

0

Жиликтенген сөөгү Чоң-Чүй каналында табылган аялдын өлүмүнүн бети ачылды. Шектүү Орусиянын Ханты-Мансийск шаарынан кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 14-октябрда Сокулук районунда жайгашкан ЧЧК суусунан зомбулуктан каза болгон адамдын сөөгү табылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө агымдын жогору Бишкектин аймагынан сөөктүн калган бөлүктөрү табылган.

15-октябрда аталган факты боюнча райондук ички иштер бөлүмүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин («Адам өлтүрүү») негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошентип, табылган сөөк аялга таандык экени аныкталып, бирок жансыз дененин бузула баштаганына байланыштуу аялдын өздүгү белгисиз бойдон калган.

Белгиленгендей, коомдук жаңжалга алып келген өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу үчүн эң тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлер жана тергөөчүлөр тартылган.

Кийин өлтүрүлгөн аялдын өздүгү такталган, ал 1974-жылы туулган, учурда Аламүдүн районунун Пригородное айылында жашаган жаран Х.М. болуп чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жаран Х.М.ны өлтүрүүгө анын күйөөсү 1968-жылы туулган А..нин катыштыгы бар экенин аныкталган. Кылмышка шектүү кылмышынан кийин Орусияга кетип калып, ага байланыштуу издөө жарыяланган.

Ошентип, 2022-жылдын 25-ноябрында жөнөтүлгөн багыттамага ылайык, Орусиянын Ички иштер министрлигинин Ханты-Мансийск шаарындагы кызматкерлери тарабынан А.И. кармалып, камакка алынган. Учурда аны Орусиядан Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат жана кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз