Воскресенье, 28 апреля

Түркия: түштүк чек арабызда террор коридорунун пайда болушуна уруксат бербейбиз

0

Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ирак жана Сириядан террорчуларды  колдоону токтотууну талап кылды. Акар ал мамлекеттерди террористтер менен эмес, Түркия Республикасы менен кызматташууга чакырды.

Түрк министр Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга каршы жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясынын алкагында ушул убакка чейин 491 террористтин жок кылынганын баса белгилеп, Түркиянын түштүк аймактарында террор коридорунун пайда болушуна уруксат берилбесин эскертти.

Акар Орусия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдү да Түркиянын коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алууга үндөдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз