Пятница, 3 мая

Депутат Токторбаев: Мени мажбурлап сурака алап барганы жатышат

0

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына суракка чакырылды.  “Мен шайлоочулардын талабын айтсам, бизди прокуратура кызматкерлери куугунтукка алып жатышат. Кечээ чалышты, бүгүн Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан чалышып, өзүңөр келбесеңер, мажбурлап алып келебиз деп жатышат”, – деди Токторбаев.

Эл өкүлү прокуратуранын ыйгарым укуктары көбөйгөнүн белгиледи.

“Мен эмне айткым келет? Тергөө функциясын прокуратурага өткөрүп бергенден кийин алардын ыйгарым укуктары абдан көбөйдү. Өздөрү иш козгоп, өздөрү тергеп, токтотуп, кааласа өздөрү сотко кайрылышат. Бул коррупциянын ачык белгиси. Ошондуктан мен депутаттардан тергөө функциясын алардан алып салууну сурандым. Россиядагы Тергөө комитети сыяктуу КР президентинин алдында өзүнчө орган түзүү керек. Эгерде ММК Фонду да Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагында болсо, сиз агенттикти көзөмөлдөй албайсыз. Аны кайра өкмөткө беришибиз керек. Эми силердин моралдык да, каржылык жактан да текшере албайсыңар», — деди Токторбаев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз