Воскресенье, 19 мая

Зеленский Бодрумда эс алып кетти

0

Түркиянын Бодрум аймагында Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский үй-бүлөсү менен чогуу эс алып кетти.

Зеленский жана үй-бүлөсү Бодрумдун Гүвержинлик аймагындагы беш жылдыздуу отелде үч күн эс алды. Аны узаткан жооптуу кызматкерлер менен өз-өзүнчө кол кармашып коштошкон Зеленский андан соң Милас-Бодрум аэропортунан Түрк аба жолдоруна таандык учак менен Украинага учуп кетти.

Украинада өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында куудул Владимир Зеленский 73,22 пайыздык добуш менен биринчи болсо, атаандашы Петр Порошенко 24,45 пайыздык добуш алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз