Понедельник, 6 мая

Иран-Түрк мамилеси бекемделүүдө

0

Эртең Түркиянын баш калаасы Анкарада Иран менен Түркиянын ортосундагы саясий кеңешүүлөрдүн катардагы жолугушуусу болот.

Түркиянын тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, эртең баш калаа Анкарада Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи менен Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Седат Өналдын жетекчилигиндеги делегациялар Түркия менен Ирандын ортосундагы саясий кеңешүүлөрдүн алкагында кезектеги жолугушууларды өткөрүшөт.

Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф 17-апрелде Анкарага расмий сапар жасаган. Зариф сапарынын алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынып, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолуккан болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз