Понедельник, 6 мая

«Бишкек башкы архитектуранын» чиновниги пара менен кармалды (фото)

0

29-апрелинде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын алкагында, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы,1973-жылы туулган  К.М. 1 миң. 500 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ММК менен байланыш кызматы билдирди.

Такталган маалыматтар боюнча, кармалган адам Арча-Бешик жаңы конушунун жер участокторунун курулушуна уруксат берүү документтери жоктугун билип, тургундарды коркутуу менен 10 миң. АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Анын 2000 миң АКШ долларын 2018-жылдын аягында алган.

Материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз