“Өзбек темир жолдору” Ташкент-Балыкчы каттамдарын жай мезгилине карата кайрадан жандандырды. Бул тууралуу “Кыргызтемиржолу” ишканасы маалымдады.
Былтыркыдай эле поезд жумасына бир жолу, бейшемби күндөрү каттайт.
Билеттер сатыла баштады, 25-55% чейинки жеңилдиктер бар.
Бишкектен Ташкентке чейинки жол кире: плацкарт вагондору 1946 сомдон, купе вагондору 2461 сомдон, люкс вагондор 4 602 сомдон башталат.
Топ-топ уюшкан жүргүнчүлөргө 30% чейинки жеңилдиктер бар. Поездде вагон-ресторандын кызматынан пайдаланууга болот. Бишкектен Ташкентке чейинки убакыт –20 саат 30 мүнөт.
Ташкент-Бишкек-Балыкчы-Ташкент каттамы боюнча алгачкы курам 2018-жылы 22-майда Ташкенттин Борбордук бекетинен сапарга чыккан. Поезд тогуз вагондон турган. Ал 300 жүргүнчүгө ылайыкташтырылган.