Кыргызстанда ар бир үйдө экиден ашык уюлдук телефон колдонулат. Бирок 100 үйдүн 45инде гана чаң соргуч бар. Ал эми 100 үйдүн ичинен 15и гана компьютер сатып алган. Улуттук статистика комитети үй чарбаларында узак мөөнөткө колдонулуучу буюмдарды тизмектеди.
Ага ылайык, 2021-жылдын соңунда 100 түтүнгө 247 телефон туура келери көрсөтүлдү.
Турмуш-тиричиликке зарыл болгон буюмдардын саны төмөнкү санга туура келери (100 түтүнгө) айтылды:
Телевизор — 110;
Муздаткыч — 98;
Кир жуучу машина — 86;
Чаң соргуч — 42;
Компьютер — 15;
Магнитофон — 10;
Фотоаппарат — 3;
Радио — 2.