Пятница, 3 мая

Азербайжан Орусияга нота берди

0

Азербайжан Карабахта кызмат өтөгөн орус бейпилдик күчтөрүнүн армяндардын Карабахтагы кендерди мыйзамсыз иштетүүсүнө бөгөт коюу үчүн чара көрбөгөндүгү менен Орусияга нота берди.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажызаде Бакунун Москвага нота бергенин билдирди. Хажызаде армяндардын Карабахтагы Кызылбулак алтын жана демирли жез кендерин мыйзамсыз иштеткенин айтты.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы, «Нотада Азербайжандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо зарылчылыгына көңүл бурулду”, — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз