Укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев тик учак менен Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарын жана Бишкек шаарын кыдырат.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, УКМК башчысы бардык күч түзүмдөрүнүн кышкы мезгилге даярдыгын текшерип, чек ара коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулап, көзөмөлдөп келмекчи.