Пятница, 19 апреля

Бишкектин райондорунун аты кыргызчаланат. Сиз колдойсузбу?

0

Бишкек шаарынын төрт районунун аталышын өзгөртүү боюнча жергиликтүү бийлик иштеп жатат. Бул туурасында Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Элчибек Жантаев парламентте билдирди. Аткаминер бул маселе Элдик курултайда дагы көтөрүлгөнүн эске салды.

«Шаардын жетекчилиги менен дагы иш алып барып жатабыз. Жакшы сунуштар түшүүдө. Биз мыйзам долбоорун иштеп чыкканга даярбыз. Азыр жергиликтүү бийликтин сунушун күтүп жатабыз. Алар өзгөртүүгө каршылык болбойт деген позициясын билдиришти. Төрт районду тең кайра атоо боюнча сунуштарын даярдап жатышат. Аталыштары кыргызчаланабы же башкача болобу, коомдук талкууга чыкканда каралат», — деди Жантаев.

Өз кезегинде депутат Дастан Жумабеков Чыңгыз Айтматовдун ысымын бир районго берүүнү сунуштады. Бирок Дастан Бекешев бүт жакты эле Манас же Айтматов деп атай бербей, башкача аталыштарды берүүгө чакырды. Ансыз деле бул аталыштар көп жерге коюлганын белгиледи.

Эске салсак, Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев борбор калаанын төрт районунун тең аталышын кыргызчалоону сунуштаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз