Четверг, 2 мая

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 22-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -4…+1, Талас облусунда 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көл облусунда 0…+5, Нарын облусунда -4…-9 градус суук болот. Ал эми Бишкек шаарында 0…-2 суук болсо, Ош шаарында+3…+5 градуска чейин жылуу болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз