Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус армиясын реформалоо боюнча бир катар чараларды сунуштады. Алар мындайчы:
- Аскерге чакыруу курагын 18 жаштан 21 жашка чейин акырындык менен жогорулатуу жана чекти 30 жашка чейин көтөрүү;
- жарандардын арызы боюнча кызматка кирген биринчи күндөн тартып контракт боюнча аскердик кызматка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
- куралдуу күчтөрдүн санын 1,5 миллион аскер кызматчысына, анын ичинде 695 миң контракттык аскер кызматчысына чейин көбөйтүү;
- НАТОнун чек арага жакын жерде согуштук потенциалды түзүүгө умтулуусун эске алуу менен Орусиянын түндүк-батышына аскерлердин группасын түзүү боюнча чараларды көрүү;
- Куралдуу күчтөрдүн кызматтарынын составын жана структурасын өркүндөтүүнү улантуу, кошуундарды даярдоо жана пайдалануу үчүн башкы командалардын жоопкерчилигин жогорулатуу;
- 2023-жылы орус армиясынын ыкчам жана күжүрмөн даярдыгы боюнча иш-чараларда НАТОнун Чыгышка кеңейүүсүнө байланыштуу коркунучтарга басым жасалат.
Путин Шойгунун Орусиянын Куралдуу күчтөрүндөгү мындан аркы структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу сунуштарына макул экенин билдирди.