Пятница, 26 апреля

Элдик курултай. Мадумаров Жогорку Сотко арыз берди

0

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Элдик курултай мыйзамсыз өттү деп Конституциялык сотко даттанды.

«Мен далилдеп берем. «Эгер ушул мамлекетте адилеттүүлүк болсо, курултай мыйзамсыз өттү. Курултай өткөрүүгө жарлык чыгарууга эч кимдин укугу жок, бул менин эмес Конституциянын каалоосу» деп даттануу жаздым», — деди Мадумаров.

Белгилей кетсек, «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун жыл башында Жогорку Кеңеш кабыл албай койгон. Мындан улам президент Садыр Жапаров өзү жарлык чыгарып, өткөрүүнүн жол-жобосун бекиткен. Анын негизинде 25-26-ноябрь күндөрү өлкөнүн бүт аймактарынан делегаттар чогулуп Бишкекте курултай өткөн.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз