Финансы министринин орун басары Руслан Татиков ичимдик ичип алып унаа айдап баратканы аныкталды. Аталган видеону NewTv Патруль каналы жарыялаган.
Аткаминердин унаасын токтоткондон кийин анын жубайы чуу салып, аларды камерага тартпашын талап кылган. Ал өзү гана мас экенин, күйөөсү ичпегенин айтып жаткан. Сөз учурунда аялы журналисттерди «эртең мага чөгөлөп келип кечирим сурайсыңар» деп каарын төккөн.
Ал эми Татиков кайгуул милициянын кызматкерлерине телефон сунуп «бул сенин начальнигиң, сүйлөшүп кой» деп айткан. Буга карабай инспекторлор унаасын айып короого, өзүн наркологияга алып барган. Ал жерге баргандан кийин аткаминердин ичимдик ичкени аныкталган. Ошол учурда ал «пиво эле ичкем, көрүп жатпайсыңарбы мас эмесмин» деп актанып кирген.
Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын маалымат кызматы аталган окуя 22-декабрга караган түнү рейд учурунда болгонун тастыктады. Аны менен катар министрдин орун басарынын автоунаасы айып короого киргизилип, 17 500 сом айып салынганын билдирди.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бул окуя боюнча Руслан Татиков менен байланышканда жыйында экенин айтып, бир аздан кийин жооп берүүнү убадалады.