Суббота, 20 апреля

Франция бийлигинин колдоосун ээ болуп келген ПКК Парижде тополоң уюштурду

0

Франциянын борбор шаары Парижде ПККнын жактоочулары митинг уюштуруп, дүкөндөрдү талкалап, унааларды өрттөдү.

Париждеги Республика аянтында террордук уюм ПККнын миңдеген жактоочусу чогулду. Алар ПККны колдогон ураандар менен корбашчылары Абдуллах Өжаландын сүрөтүн жана ПККнын байрактарын көтөрүп чыгышты. Бети-башын чүмкөгөн ПККнын колдоочулары брусчаткаларды жулуп алып, полиция кызматкерлерине, жанындагы үйлөргө жана дүкөндөргө ыргытышты.

Көп сандаган унаа жана мотоциклди өрттөп, колдорундагы таяктар менен терезелерди жана күзгүлөрдү сындырып көптөгөн мүлктү жараксыз абалга келтиришти.

Париж полициясынын башчысы Лоран Нуньес ПКК тарапкерлеринин зомбулукка барганын, окуяларда 31 полиция жана бир демонстрант жараланганын билдирди. Нуньес зомбулук учурунда көп сандаган унаа жана 15 дүкөндүн айнеги талкаланганын айтты.

Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Франциянын борбор шаары Парижде жикчил террордук уюм ПККнын колдоочулары тарабынан жасалган окуяларга байланыштуу: «Француздар баккан жылан өздөрүн чага башташты», — деди.

Франция бийлиги ППК террордук уюмун Түркияга каршы колдоп келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз