Пятница, 22 ноября

Жакында оң рулдуу автоунааларга мунапыс берилүүсү күтүлүүдө

0

Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларга мунапыс берүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында ИИМдин ЖКККБ башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Бул үчүн министрлер кабинетинин башчысынын буйругу менен жумушчу комиссия түзүлдү.

«Биз Казакстандын тажрыйбасына таянып, импорттук автоунааларды мыйзамдаштыруу маселесин карап жатабыз. Бул бир жолку акция болот. Бирок бул маселени Ички иштер министрлиги жалгыз чече албайт, бажы жагынан жол-жоболоштуруу маселеси да бар. Комиссияга 10-февралга чейин маселени чечүү тапшырмасы берилди», — деди Исраилов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз