Пятница, 17 мая

Беларуска ракета кулады. Бул эмнеден кабар берет?

0

Украинага таандык С-300 ракетасы Беларусь аймагына келип түштү. Беларустун мамлекетке таандык BelTA маалымат агенттигинин билдиргенине караганда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 менен 11:00 арасында Беларусь аймагына Украинага таандык экендиги айтылган С-300  системасына таандык ракета бөлүктөрү түшкөн.

Беларустун президенти Александр Лукашенко бул маселе боюнча дароо маалымат алып, Беларустун Коргоо министрлиги менен Беларустун Тергөө комитетинин эксперттер тобу окуя болгон жерде иштей баштады.

Адам өмүрүнө зыян келбеген окуя тууралуу алынган маалыматтарга караганда ракетанын жаңылыш жерге учкандыгы же учкан бир ракетанын Беларусь абадан коргонуу системалары тарабынан атылышы мүмкүн экендиги белгиленди.

Окуянын  кай жерде болгону тууралуу  маалымат берилген жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз