Пятница, 3 мая

Элдик табып Хашим Зайналиев: Оманга келип, табыпчылык кылам деп ойлогон эмесмин…

0

Хашим аке, мындан бир жума мурда Сиз үй-бүлөңүз менен, он кап дары чөптөрдү артынып, Кыргызстандан Оманга көчүп кеткениңиз бул жактагы досторуңуз менен душмандарыңызды бирдей таң калтырды. Алыскы арап өлкөсүнө кандай жетип алдыңыздар?

— Биссимиллахир рохманийир рохийим! Иним, мага камкордук  кылып, тынчсызданганына Аллахыма ыраазычылыктар болсун алхамдулиллах, Оман өлкөсүнө келип, аста-аста ишимди жүргүзө баштадым. Буюрса, алдыда көп жакшы пландар бар, баары ишке ашат деп үмүт кылып турам.

  – Сизди ал жакка кимдир-бирөө чакырдыбы, дегеле мамлекет уруксат бердиби?

  • Бул өлкөнүн атуулдары менен эки жылдан бери алакабыз бар, өткөн жылы октябрда аларды Кыргызстанга келип, менин илимий иштеримди клиникалык сыноолордон өткөрүп берүүсүн суранып кайрылдым эле. Алар менден ракты дарылоонун илимий докладын даярдап бер, биз карап көрөлү деп макулдук беришкен болчу. Илимий докладды даярдап, Оманда жайгашканнемистердин интеллектуалдык ресурстар борборуна бергенбиз. Бирок азырынча жообун ала элекпиз.

Бул жерде менин иштеримди «шефтикке» алган кишилер бар. Алар Оман султанатынын бийлик башында аралашып жүргөн инсандар. Иншалла, бир аз убакыттан кийин мен үчүн даярдалып жаткан клиникага лицензия берилип, ишке түшүп калат деген үмүттө күтүп атабыз.

– Оманга кетүү планыңыз мурда эле бар беле же өз өлкөңүздө улам айрым маалымат каражаттары жаза берип, милиция, сотко бериши мажбур кылдыбы?

  • Менин көңүлүмдү өйүгөн абдан маанилүү суроо бердиңиз. Алгач Оманга кетүүгө муктаждык жок эле, болгону клиникалык иштерибизди илимий экиспертизадан өткөрүп, «доказательная медицина» деген бар, ошонун алдында далилдеп берип, медицинанын пайдалануусуна жеткирели деген максатыбыз бар эле.

Клиникалык ишибизди Кыргызстанда, илимий ишибизди Оман султанатында жүргүзүүнү ойлонгонбуз. Кыргыз тилдуу маалымат каражаттары биз жөнүндө оң эле пикирде, ал эми орус тилдүү маалымат каражаттарынын пикири тетири. Алар Батыштан алган акчаларын актоо учун мен жөнүндө ар кандай терс маалыматтарды чагылдырып турушат.

Бир туруп оюма булар түптүү элден чыккан инсандар эл пайдасына жараса, күйүгүп кетеби деген ойлор келет. Мен элди дарылоодон чарчабадым, ушуга окшогон айрым ММК, НПОлордон тажадым. Алар врачтардын коомунан акча алат окшойт да, мен жөнүндө калпы кошкон сенсациялуу терс материалдарды жарыялашат. Прокуратура алардын материалынын негизинде кылмыш ишин козгоого ИИМге тапшырма берет. Тигелер болсо  менден акча үмүт кылышат, а мен бербей жүрө берем, акыры шылтоо таап түрмөгө тыгышат.

Тилекке каршы өзүмдүн актыгымды сот аркылуу далилдей албадым, ал үчүн соттун, прокурордун сураганын беришим керек болчу.

 – Эми Оманда канча убакыт болосуз жана кимдерди же кандай ооруулууларды карайсыз?

  • Менин тагдырым, эмне болоорун өзүм деле билбеймин, аны мени, сени жараткан Аллахка тапшырдым. Бул жерде деле табыпчылыгымды Кыргызстанда кандай жүргүзсөм, ошондой уланта берем, иншалла. Азырынча Кыргызстанга барып иштөө оюм жок… 

–  Оманда медицина, элдик табыпчылык тармагы кандай өнүгүптүр?

  • Мен араб, англис тилдерин билбегендигиме байланыштуу бул сурооңузга толук жооп бере албаймын. Бирок элдин табыбчылык өнөргө мамилеси оң жана ишенимдуу мамиле кылышат экен. Омандын медицина рыногунун көпчүлүгүн Индия ээлеп алган.

 – Сизди Кыргызстанда “медициналык диплому жок, лицензиясыз иштейт…”,- деп сындашчу, өзүңүздүн билимиңиз кандай жана эмнеге медициналык окуу жайды бүтүп алган эмессиз?

  • Чындыгында, менин врачтык дипломум жок, аны алуунун зарылдыгы деле жок деп ойлоймун. Бир мезгилде Кыргыз медициналык институтунаүч жолу тапшырып, орус тилинен диктанттан кулап калчумун. Ошентсе да менин досторум аудиторияда лекция угуп отурса, а мен өз алдымча, алар окуган дисциплиналарды библиотекадан таап окуп отураар элем.

Ошондуктан врачтар окуп чыккан дисциплиналык предметтерди өз алдымча окуп үйрөнгөнмүн. Андай базалык билим болбосо, бейтапты дарылоо мүмкүндүгү аз болуп калат. Бир мезгилде мединститутка өтпөй калып ызаланган күндөрүм болчу эле, ал эми азыр кубанамын. Себеби, медицинаны өз алдымча окуп үйрөнүп, ракты ж.б оорууларды изилдеп, альтернативдик медицинанын системасын иштеп чыга алмак эмесмин.

Ал эми лицензия маселесин айта турган болсок, анын мага берилүүсү шарт эмес. Берилген күндө да Саламаттык сактоо министрлиги менен түшүнбөстүк келип чыгат. Себеби алардын же министрликтин бекиткен протоколунун негизинде дарылоо иши жүргүзүлбөйт. Мен тарабынан министрликтин  дары-дармектер реестрине кирген дары – дармектер пайдаланылбайт.

– Сиз Кыргызстанда врачтар “адам болбойт” деп, дарылоодон баш тартып койгон оорууларды карай тургандыгыңыз белгилүү эле. Андыктан, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан адамдарды сакайтуу оңой эместигине карабай, эмнеге тобокелчиликке барып жүрдүңүз?

  • Бул сурооңуз да мен айта албай жүргөн көйгөйлүү маселени ачыкка чыгара турган маанилүү собол болду. Менин жашоомдун, ишимдин, баскан- турганымдын маани-манызы, жалгыз жараткан Аллахтын ыраазылыгын таап, кабырдагы азаптан, Кыяматтын оор күнүнөн жеңилирээк өтүп, Аллахтын тозогунан кутулуп кетүү. Алар мага акча төлөй алабы же жокпу, шартына карабай дарылап, бейтаптын ыраазылыгын, дубасын аламын.

Себеби пайгамбарыбыз Мухамед с.а.в ушундай мааниде айткан хадиси бар: “азап чеккен адам менен Аллахтын ортосунда парда жок, дубасы түздөн-түз кабыл болот” деген. Ар бир инсан башын өлүмгө байлап бергиси келбейт, дарттан арылып, жашоого аракет кылат. Оор ахвалда жаткан бейтап же туугандары жардам сурап кайрылганда, суранганда гана жок дей албай кабыл алып дарылап жүрөмүн.

 – Элдик табыпчылыкты кайдан үйрөнгөнсүз жана бул Сизге Жараткан тарабынан берилген жөндөмдүүлүкпү же хоббиби?

  • Бул өнөр менин ата-бабаларымда болгон. Табыпчылык деле тукум кууп кете турган жагы бар Жараткан тарабынан пенделерине сейрек бериле турган касиет.

 – Оманда Сизге кандай ооруулуулар кайрылышууда?

  • Кыргызстанда кимдер, кандай ахывалда кайрылса, бул жерде деле ошондой эле.

 – Ал жакта канча убакыт болосуз?

  • Аны өзүм да билбеймин. Жогоруда айтылгандай, бул жагын бир гана Алла Таала чечет, насип кылганча иштеймин го.

 – Сизден Кыргызстанда айыккан адамдар да көп экендигин билебиз. Дагы кайрыла тургандар эми кантип жете алышат Сизге?

  • Азырынча бул суроого жооп бербей турайын. Убакыт баарын өз ордуна коёт.

– Кыргызстан менен Омандын медицинасы менен элдик медицинасынын айырмасы кандай экен?

Азырынча ажырата элекмин… Сиз жана Сиздер аркылуу эли – журтка жараткан Аллахтан тынч аман-эсендикти, ар бир инсанды жалгыз Аллахка сыйынып, анын ыраазылыгы үчүн ибадатта болуусун, келе жаткан Улуу Рамазан айында ар бир инсан Аллахтын рахматында болуусун тилеймин…

Маектешкен Э. Досназаров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз