Пятница, 20 сентября

Түркияны туристтер байытууда

0

Январь-март айларында Түркияга барган туристтердин саны айтылды. Түркия жылдын биринчи чейрегинде 6 миллион 859 миң 710 туристти тосуп алды.

Туркиянын Маданият жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Түркия жылдын биринчи 3 айында, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,12 пайыздык өсүү менен 5 миллион 442 миң 92 чет элдик туристти тосуп алды.

2019-жылдын январь-март айларында чет өлкөдө жашаган 1 миллион 417 миң 618 түрк жараны Түркияны кыдырды. Өткөн жылга салыштырмалуу 10,9 пайыздык өсүү болду.

Түркияга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн тизмесинде 482 миң 712 менен Болгария биринчи, 447 миң менен Иран экинчи, 427 миң 424 менен Германия үчүнчү болду. Германиядан кийин Грузия жана Орусия тураарын Маданият жана туризм министрлиги билдирди.

Ал эми Түркияга барган чет элдик туристтер тандаган шаарлардын тизмесинде Стамбул биринчи, Эдирне экинчи, Анталья үчүнчү, Артвин төртүнчү, Анкара бешинчи болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз