Среда, 24 апреля

Салык кызматы кайсыл аткаминердин 44 батири бар экенин жарыялады

0

Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген жарандардын 2021-жылдагы декларациясын жарыялады.

Чүй облусунун мурдагы башчысы Эркин Тентишев тапшырган декларацияга ылайык, ал 2021-жылы 11 млн 476,7 миң сом киреше тапкан. Ошол эле учурда 10 млн 600 миң сом чыгаша кылган.

Ошондой эле ал декларацияда 45 батири жана Mercedes E220, Toyota LC200 жана Mercedes S500 унаасы бар экенин көрсөткөн.

Белгилей кетсек, Тентишев Чүй облусунун башчылыгына 2021-жылы март айында келип, 2022-жылы апрель айында кызматтан алынган. Андан кийин президентке кеңешчи болгон. Ал 2021-жылы мамлекеттик кызматка келгенге чейин ишкерлик менен алектенген.

Юстиция министрлигинин сайтында айтылгандай, Тентишев «Эркин Эйр» авиакомпаниясынын, Саткынбай Тентишев атындагы «Азия медициналык институтунун», жана «Ультра Проф Сервис» күзөт-детективдик агенттигинин негиздөөчүсү болуп саналат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз