Понедельник, 6 мая

Артисттерге фонограмма менен ырдоого тыйуу салынды

0

Кыргызстанда мамлекеттик маданий жана билим берүү мекемелеринде, массалык иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кол койгон.

Министр буйрукка 2022-жылы 30-декабрда кол коюп, ал январдан тарта күчүнө кирген.

Маалыматка караганда, министрликке караштуу спорттук мекемелерде, филармонияларда, концерттик залдарда, кинотеатрларда, музейлерде, китепканаларда, клубдарда, андан тышкары массалык иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынат.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз