Бүгүн 1-май Эмгекчилердин эл аралык майрамы. 1-май Кыргызстанда биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген.
Бул майрамды большевиктер шаардын калкын чогултуп, митинг өткөрүп, майрамдык маанай жаратып жана майрамдоо жөрөлгөсүн жасап салт катары түптөгөн.
Совет мезгилинде 1-май — Эмгекчилердин майрамы деп эсептелинип, анын тарыхы 1886-жылдын 1-майындагы америкалык жумушчулардын эмгек талабына байланыштырылып келсе, Кыргыз өлкөсү эгемендик алгандан бери 1-май майрамына жазгы түс берилип, идеологиялык басымдан арылуу аракети жасалганы байкалат. Бул күн дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет.