Бүгүн, 30-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынына катышуучуларын кабыл алды.
Сооронбай Жээнбеков коргоо министрлери менен болгон жыйында аларды Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.
Өлкө башчысы: «Советтер союзунун учурунда биз биргелешип, бири-бирибизге жардамдашып, аскерий коопсуздукту камсыз кылчубуз. Согуш мезгилинде биздин аталарыбыз жана чоң аталарыбыз ийин тийиштире Мекенибиздин сакчылыгында турушкан. Азыр да биздин территорияларыбызды кандай гана болбосун тышкы агрессиядан жана терроризмден коргоо ЖККУнун башкы милдети болуп саналат» — деп баса белгиледи.
Өлкө башчысы ошондой эле Уюмдун инструменттерин жана механизмдерин өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер өтө маанилүү экенин жана Уюмдун жооптуу зонасындагы өсүп жаткан коркунучтар жогорку деңгээлде биргелешип аракеттенүүнү талап кылаарын баса белгилеп айтып өттү.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга ЖККУ Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков, ЖККУ бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров, Армениянын коргоо министри Давид Тоноян, Белорустун коргоо министри Андрей Равков, Казакстан коргоо министри Нурлан Ермекбаев, Россия коргоо министри Сергей Шойгу, Тажикстан коргоо министри Шерали Мирзо катышты.
Беларустун коргоо министри Андрей Равков ЖККУнун коргоо министрлеринин атынан сөз сүйлөп Кыргыз Республикасынын Президентине ыраазычылыгын билдирип ийгиликтерди каалады.