Суббота, 4 мая

Бишкекте өлкөнүн эң күчтүү волейболчулары күч сынашат

0

Бишкекте волейбол боюнча өлкөнүн XV ачык чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Бүгүн, 16-январь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда башталган мелдешке эркектер жана кыз-келиндер арасында улуттук жана жогорку лиганын клубдук командалары катышууда.

Мелдешке жалпы 23 команда (эркектер арасында улуттук лига 8, жогорку лига 8, кыз-келиндер арасында 7) катышып жатат.

Белгилей кетсек, чемпионат 22-январга чейин уланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз