Пятница, 3 мая

Президенттин тапшырмасынан кийин прокуратура органдарында чоң өзгөрүүлөр болууда

0

Коомчулукта чоң резонанс жараткан Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кармалышына байланыштуу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттин администрациясынын кызматкерлеринен аталган облустун укук коргоо жана көзөмөл органдары тарабынан өзүнө жүктөлгөн милдеттердин талаптагыдай аткарылышын иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча прокуратура органдарынын айрым жетекчилери тарабынан мыйзам талаптарын бузуу жана тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларына талаптагыдай эмес көзөмөлдүк кылуу фактылары аныкталган.

Буга байланыштуу, жол берилген мыйзам бузуулар, көзөмөлдүн жоктугу жана тергөөнүн жүрүшүнө талапка жооп бербеген көзөмөл кылгандыгы үчүн президенттин администрациясы төмөнкүлөрдү ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизди:

— Башкы прокурордун биринчи орун басары А.Молдокматов;

— Жалал-Абад облусунун прокурору А.Киязов;

— Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары З.Тойчубаев;

— Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурору Б.Сыдыгалиев;

— Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары Т.Кенжебаев.

Мунун артынан эле Абай Молдокматов башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Султанов Улукбек Ташболотович башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз