Пятница, 22 ноября

ИИМ Жеңиш Разаковду кармады

0

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кармалды. Маалым болгондой, ал алдамчылыкка шектелип кармалган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Разаковдун кармалышы боюнча толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Жеңиш Разаков буга чейин Баткен облустук милициянын башчысы (2011-2012), өкмөттүн Баткендеги өкүлү (2012-2016-жыл), вице-премьер-министр (2016-2017 жана 2018-2020-жыл), Коопсуздук кеңешинин катчысы (2017-жыл), президенттин кеңешчиси кызматтарын (2017-2018-жыл) ээлеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз