Четверг, 25 апреля

Майлуу-Сууда абал турукташууда

0

Майлуу-Суунун тургундарынын 89 пайызына жылуулук берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, шаардагы №1, №3, №4 от казандарда жумуш жүргүзүлүп, жергиликтүү эл жылуулук менен камсыздалууда. Ал эми калган авариялык абалдагы жылуулук берүүчү түтүктөрдө ширетүү иштери жүрүүдө.

Бүгүн ичүүчү таза суу берилген түтүктүн негизги бөлүгүнүн 15 чакырымында эритүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада калктын 30 пайызы таза суу менен камсыздалды.

26-январдан тарта ичүүчү таза суунун калган абоненттерге бере турчу тоңуп калган түтүктөрүн калыбына келтирүү үчүн 10го жакын жумушчу топ иш алып барат.

Эске салсак, 12-январда Майлуу-Сууда калкты таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Тактап айтканда, таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган. Тоңуп калган түтүктөрдү дөңгөлөктөрдү жагып эритип жатканы кабарланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз