Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Батыштын Украинаны Орусияга каршы “гибриддик согуш куралы” катары колдонуп жатканын билдирди.
«Көп жылдар бою Батыш Украинаны биздин өлкөгө каршы түздөн-түз гибриддик согуш куралы катары колдонуп келет», — деди Лавров.
Муну менен катар Лавров Орусия өз коопсуздугун камсыз кылыш үчүн Украинада «атайын аскердик операция» жүргүзүп жатканын кайталады.