Четверг, 25 апреля

Кыргызстандын менен Өзбекстандын президенттери жана алардын жубайлары (Фото, Видео)

0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 26-январда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Манас” эл аралык аэропортунда Өзбекстандын лидерин Садыр Жапаров тосуп алды. Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото ардактуу кароол тизилди.

Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз артисттеринин коштоосундагы концерттик программаны көрүштү.

Өлкө лидерлери мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 27-январда, тар жана кеңири курамда эки тарапты кызыктырган маселелердин кенен топтомун жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз