Четверг, 21 ноября

Өзбекстан менен 168 миллион долларлык келишим түзүлдү (Тизме)

0

Бишкекте өтүп кыргыз-өзбек форумунда он документке кол коюлду, анын ичинде 100 миллион долларлык келишим бар.

Айрым документтерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кээ бирлерине эки өлкөнүн компания жетекчилери кол коюшту.

Документтердин тизмеси:

Агроөндүрүш тармагындагы кызматташуу жөнүндө жол картасы;

Жалал-Абад облусунда текстиль буюмдарын өндүрүү боюнча кызматташтык келишим;

Нарын облусунда терини кайра иштетүү жана өндүрүү, картошка өстүрүү багытындагы агрардык класстер уюштуруу боюнча кызматташтык келишим ;

Картошка өстүрүү жана мал багуу боюнча агрардык классстерди түзүү тармагында кызматташуу жөнүндө келишим;

«Кыргыз Республикасында карбид жана кальций өндүрүү комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруунун алкагында өнөктөш болуу келишими. Келишимдин суммасы 20 миллион долларды түзөт;

Кыргызстандан Өзбекстанга жүгөрү данын жеткирүү келишими. Келишимдин суммасы 100 миллион долларды түзөт;

Кыргыз Республикасындагы электр энергиясын эсепке алуу жана шаймандарын куроону уюштуруу боюнча кызматташуу жана алакада болуу жөнүндө меморандум;

Базальт ташын кайра иштеткен заводдун иши жөнүндө меморандум;

Өзбекстандын ишканаларынын продукцияларын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу келишими;

Кыргызстандан Өзбекстанга айыл чарба продукцияларын жеткирүү келишими.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз