Түркиянын Билежик аймагындагы алтын кени өлкөнүн президенти Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда ачылды. Ачылыш аземинде Эрдоган: «Биз жаңы ачылыштар менен ата мекендик алтын өндүрүшүн көбөйтүүнү максат кылып жатабыз», — деди.
2021-жылдын январь айынан тарта кендин аймагында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында 60 тонна алтын запасы аныкталган.
Ишкана биринчи этапта жылына 2,5 тоннага чейин алтын өндүрүү кубаттуулугу менен иштейт. 3 жылдын ичинде аткарыла турган иштердин негизинде объекттин жылдык өндүрүш көлөмү болжол менен 6,5 тоннага чейин өсөт.