Суббота, 20 апреля

Кыргызстан менен Өзбекстан Cтратегиялык өнөктөштүк жөнүндөгү декларацияга кол койду

0

Бүгүн, 27-январда Бишкек шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту.

Декларацияда төмөндөгүдөй айтылат:

“Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы, мындан ары Тараптар деп аталып,
1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы түбөлүктүү достук жөнүндө келишимдин жана 2017-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк, достукту бекемдөө, ынак коңшулук жана ишеним жөнүндө декларациянын жоболоруна негизденип, дипломатиялык мамилелер орнотулган учурдан тартып 30 жылдын ичинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу байланыштар стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткенин жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилеп, БУУнун Уставын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин сактоону так карманганын ырастап, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетикалык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка келечектүү тармактардагы көп кырдуу эки тараптуу байланыштарга сапаттуу мүнөздөмө берүүгө өз ара умтулуудан улам, достук мамилелерди андан ары чыңдоо эки мамлекеттин боордош элдеринин түпкү жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп бере тургандыгын жана эки Тараптын тең гүлдөп-өнүгүшүнө, ошондой эле Борбордук Азияда тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого өбөлгө түзө тургандыгын белгилеп, төмөнкүлөр жөнүндө билдирет:

Тараптар эки тараптуу мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарууну чечти жана аларды андан ары кыйла жогору деңгээлге чыгаруу менен баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүк мамилелери алардын ортосунда түзүлгөндүгүн жарыялайт.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди төмөнкү негизги багыттарда андан ары комплекстүү өнүктүрүүгө бир пикирин билдирди.

Саясий өз ара аракеттенүү

Тараптар кыргыз-өзбек мамилелери жогорку саясий ишенимге жана эки мамлекеттин башчыларынын Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын узак мөөнөттүү стратегиялык өз ара аракеттенүүсүн аныктоодогу жетектөөчү ролуна негизденгенин канааттануу менен белгилейт.

Тараптар парламенттер аралык кызматташуунун оң динамикасын белгиледи жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосундагы Кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын алкагында эки мамлекеттин парламенттеринин ортосундагы байланыштарды, ошондой эле эки өлкөнүн парламенттик делегацияларынын жана парламенттеринин достук топторунун өз ара визиттерин улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар тышкы саясий ведомстволор аркылуу өз ара аракеттенүүнү улантууга жана эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери, өз ара кызыкчылык жараткан эл аралык жана региондук проблемалар боюнча үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүүгө даярдыгын ырастады.

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессинин аякташынын тарыхый маанисин баса белгилеп, Тараптар бул туруктуулукту, коопсуздукту чыңдоого жана эки өлкөнүн биргелешип гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө бекем ишенерин билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Президенттери Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушууларынын форматын жогору баалап, региондун уникалдуу потенциалын ачуу жана тынчтык, өз ара пайдалуу кызматташтык жана туруктуу өнүгүү мейкиндигинде анын трансформациялоо үчүн андан ары да биргеликте жигердүү күч-аракет жумшоого даярдыгын билдирди.

Тараптар БУУ, ШКУ, КМШ, ТМУ, ЕККУ сыяктуу ж.б. көп тараптуу институттардын алкагында, анын ичинде бири-биринин эл аралык демилгелерине өз ара колдоо көрсөтүү маселелери боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантуу ниетин ырастады.

Эки өлкөнүн жетекчилери коңшу Афганистандагы абалды турукташтыруу, Борбордук Азияда тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо үчүн өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү боюнча региондук жана эл аралык деңгээлде координацияланган биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле көп пландуу жана түрдүү деңгээлдүү кызматташтыкты активдештирүү максатында эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, юридикалык жана жеке жактарынын ортосундагы түз байланыштарды колдоону көздөйт.

Коопсуздук маселелери боюнча өз ара аракеттенүү

Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда учурдун чакырыктарын жана коопсуздук коркунучтарын алдын алууга жана каршы аракеттенүүгө багытталган, биринчи кезекте эл аралык терроризм, экстремизм идеологиясы, баңги трафиги, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, мыйзамсыз миграция жана башка коркунучтар менен күрөшүүдө биргелешкен чараларды көрүүнү жактады.

Өсүп келе жаткан муундарды деструктивдүү күчтөрдүн таасиринен коргоонун актуалдуулугун белгилеп, жаштар арасында экстремизм идеологиясынын жана зомбулуктун жайылышына каршы аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды укукка каршы максаттарда колдонуу менен байланышкан коркунучтардын өсүп жатканына тынчсыздануусун билдиришти жана эл аралык маалыматтык коопсуздук жана киберкоопсуздук маселелери боюнча кызматташууну чыңдоону жактады.

Тараптар колдонуудагы макулдашуулардын негизинде аскердик жана аскердик-техникалык жааттагы кызматташууну өнүктүрүүнү, ошондой эле тиешелүү келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүүнү улантуу ниетин билдирди.

Соода-экономикалык өз ара аракеттенүү

Тараптар мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун артыкчылыктуу маанисин белгиледи жана инвестициялык кызматташууну ырааттуу тереңдетүү, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү жана номенклатурасын кеңейтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, эки өлкөнүн ишкерлерин алардын ишкердик активдүүлүгүндө колдоо, өнөр жайда, айыл чарбада, кайра иштетүү секторунда жана экономиканын башка тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргеликте күч-аракет жумшоого даярдыгын ырастады.

Бул контекстте Тараптар бийик деңгээлде жетишилген макулдашууларды өз убагында ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар кыргыз-өзбек Ишкердик кеңешинин мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануунун, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес түзүмдөрүнүн жана ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосунда практикалык өз ара аракеттенүүнү орнотуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Тараптар айыл чарба, өнөр жай, транспорт, логистика чөйрөлөрүндө жана башка келечектүү тармактарда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду каржылоонун натыйжалуу инструменттерин ишке киргизүүчү Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин башталганын канааттануу менен белгиледи.

Фонддун өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн экономикаларынын бири-бирин толуктап турган артыкчылыктарынын эсебинен кыргыз жана өзбек өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы өз ара байланышкан кошумча нарк чынжырчаларын түзүүгө келечектеги салымын таануу менен, Тараптар биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоонун аныкталышына жана жактырылышына жараша уставдык капиталды андан ары толуктоо аркылуу Фонддун ишин активдештирүүнү макулдашты.

Тараптар айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, азык-түлүк коопсуздугу, калкты жеткиликтүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоо, үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо жаатында күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар бажы чөйрөсүндө кызматташууну андан ары да чыңдоону, жаңы техникалык каражаттарды колдонуу менен бажы операцияларын жүргүзүү технологияларын өркүндөтүүнү көздөйт.

Суу-энергетикалык жаатта өз ара аракеттенүү

Тараптар жалпы кызыкчылыктарды жана керектөөлөрдү эске алуу менен, көп кылымдык достук, ынак коңшулук, өз ара урматтоо духундагы өз ара пайдалуу кызматташуунун туруктуу механизмдерин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдаланууну жактады.

Тараптар өз ара пайдалуу шарттарда жаратылыш газын жана электр энергиясын сатып алууну, жеткирүүнү жана транзиттөөнү жүргүзүүгө даярдыгын билдирди.

Транспорттук-коммуникациялык кызматташтык

Тараптар өлкөлөрдүн ортосунда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү ташууну, транзиттик жана туристтик агымды ырааттуу көбөйтүү үчүн шарттарды андан ары жакшыртуу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону улантууну макулдашты.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө үч тараптуу меморандумга кол коюлганын жогору баалап, Тараптар бул долбоорду тез арада ишке ашыруу боюнча практикалык чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар «Ташкент-Андижан-Ош-Иркештам-Кашгар» эл аралык мультимодалдык маршрутунун транзиттик-транспорттук потенциалын натыйжалуу пайдалануунун алкагында өлкөлөрдүн ортосундагы жүк ташууларды көбөйтүү боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантуу ниетин билдирди.

Тараптар өлкөлөрдүн ортосундагы авиарейстердин географиясын кеңейтүүнү жана санын көбөйтүүнү жактады.

Региондор аралык кызматташуу

Тараптар Кыргыз Республикасынын Президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек арага жакын облустарынын хокимдеринин кеңешинин ийгиликтүү ишин белгилеп, мындай жолугушуулардын форматы эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы өз ара пайдалуу маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташууну чыңдоого жана күчөтүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Тараптар соода, инвестициялар, өнөр жай кооперациясы, логистика, айыл чарба, туризм ж.б. тармактарда жаңы келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн региондорунун ортосунда түз байланыштарды жана кызматташууну андан ары да кубаттоо жана колдоо ниетин билдирди.

Тараптар болгон эл аралык милдеттенмелерди эске алып, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда чек ара соодасын андан ары өнүктүрүүгө, региондор аралык байланыштарды жана туристтик барууларды кеңейтүүгө өбөлгө түзүүчү кошумча өткөрүү пункттарын этап-этабы менен ачууга даярдыгын билдирди.

Маданий-гуманитардык кызматташуу

Тараптар эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы көп кылымдык достук, боордоштук жана кызматташтык мамилелерин сактоо жана чыңдоо үчүн өз тарыхый жоопкерчилигин түшүнүү менен, билим берүү жана илим, маданият жана искусство, туризм жана спорт жаатындагы кызматташууну өнүктүрүүгө жана эки мамлекеттин аймактарында жашаган кыргыз жана өзбек коомдору үчүн эне тилин, улуттук маданиятын, каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактоо жана өнүктүрүү ишинде андан ары да жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулгандыгын ырастады.
Тараптар дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында 2023-жылы Өзбекстанда Кыргызстандын Маданият күндөрүн жана Кыргызстанда Өзбекстандын Маданият күндөрүн өткөрүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар келечектүү биргелешкен туристтик маршруттарды уюштуруу, жарнамалык кампанияларды, конференцияларды жана семинарларды өткөрүү, көргөзмөлөрдү, жармаңкелерди, роуд-шоу жана башка биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жолу менен туризм, анын ичинде зыярат-туризм чөйрөсүндө тыгыз өз ара аракеттенүүнү жактады.

Тараптар саламаттык сактоо, фармацевтика, медициналык билим берүү жана илим жаатындагы байланыштарды жана иштиктүү мамилелерди тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ЖОЖдор ортосундагы байланыштарды, тажрыйба алмашууларды, илимий долбоорлорду биргеликте ишке ашырууну, өз ара илимий-практикалык конференцияларды жана билим берүү иш-чараларын уюштурууну колдоого даярдыгын ырастады.

Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өзбекстан Республикасынын Президенти ушул Декларациянын жоболорун ишке ашыруу тынчтык, коопсуздук жана биргеликте гүлдөп-өнүгүү кызыкчылыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын боордош элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки мамлекеттин баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүгүн андан ары чыңдоого өбөлгө түзөт деп бекем ишенет”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз