Пятница, 19 апреля

Окуу жайларда сабактардын санын кыскартуу сунушталууда. Сиз колдойсузбу?

0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мектептерде жана жогорку окуу жайларда предметтердин санын кыскартууну сунуштады.

Анын айтымында, өлкөдөгү билим берүү системасы эски бойдон калууда.

«Бизге керексиз предметтердин баарын азайтыш керек. Тез арада бул кырдаалды жөнгө салуу абзел», — деди Шакиев.

Ал мектептердеги информатика сабагын мисал келтирип, абал жан кейитерлик экенин айтты.

«Азыр IT технологиянын заманы, информатика мектептерде негизги сабак болушу керек. Бирок аны ким окутуп жатат? Компьютер колдонгонду билбеген математика жана физика мугалимдери окутууда. Өлкөдөгү мектептердин жарымында кырдаал ушундай экенин моюнга алыш керек», — деди спикер.

Мындан сырткары, ал чоң класстарга өз багытын тандоо системасын киргизүү зарыл деп эсептейт, аны менен окуучулар гуманитардык же так илимдерге басым жасап окумак.

Ошондой эле спикер студенттер сабакка келбей калышканын белгиледи.

«Университеттин бир группасында 15-20 студент катталган. Ал эми сабакта үчөө-төртөө эле отурат. Анан кантип сапаттуу билим болот?» — деп сурады төрага.

Буга байланыштуу ал Билим берүү министрлигине жогорку окуу жайлардагы кырдаалды текшерүүгө тапшырма берди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз