Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы мечитке жанкечтилик кол салуу болуп, 34 киши набыт болду, көбү полиция кызматкерлери.
Улуттук маалымат каражаттары билдиргендей, жанкечтилик кол салуу шаардын полиция линиясы аймагындагы мечитте бешим намазы учурунда болгон. Кол салууда көбү полиция болгон 34 киши каза болуп, 150 киши жаракат алды. Кол салуу учурунда мечитте 300гө жакын киши болгонун билдирген расмийлер каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн кооптонууда.
Полиция кызматкери Мухаммед Иказ Хан жардыруудан кийин мечиттин чатыры урап түшкөнүн, урандылардын астында калгандарды куткаруу иштери уланып жатканын билдирди. Жардыруудан мечитке жана анын айланасындагы имараттар жана унаалар зыянга учураган.