Пятница, 17 мая

Пияздын баасы сарымсактын баасына жеткеле калды

0

Айыл чарба министрлиги пияз жана сарымсакты ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерге сатууга тыюу салган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документтин түшүндүрмөсүндө бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана пияздын базар баасын турукташтыруу максатында иштелип чыкканы көрсөтүлгөн.

Эгерде документке коюлса, ушул жылдын 4-майына чейин пияз менен сарымсакты чет жакка (ЕАЭБден тышкары) чыгарууга тыюу салынат.

Сатуучулардын айтымында, учурда пияздын баасы кымбаттап, 1 килограммы 60-65 сомго чыкты. Ошол эле учурда баа 100 сом чейин жетиши же андан кымбат болушу мүмкүн деп айтылууда.

Алар былтыр жыл аягында пияздын баасы 25-35 сомдон сатылып жатканын, бирок жаңы жылдан кийин пияздын наркы 5-10 сомго кымбаттап отуруп, бүгүнкү күндө 60-65 сомго чейин жеткенин айтышты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз