Пятница, 17 мая

Шевченконун атаандашы белгилүү болду. Мушташ 4-мартта өтөт

0

Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченконун кезектеги беттеши үстүбүздөгү жылдын 4-мартында өтөт.

UFC уюму Лас-Вегаста өтө турган UFC 285 турниринде Шевченко мексикалык Алекса Гроссо менен беттешерин расмий жарыялады.

Кыргызстандык спортчу акыркы беттешинде бразилиялык Тайла Сантосту жеңген. Муну менен Шевченко негизги кармашта жетинчи жолу чемпиондук курун коргогон.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз