Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов педофилдерди хирургиялык жол менен бычуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Долбоор Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетте биринчи окууда каралып, колдоо тапкан.
Бул мыйзам долбоор боюнча медицина илимдеринин кандидаты, сексолог Нурбек Моңолов өзүнүн пикирин билдирди.
Анын айтымында, хирургиялык кастрация педофилдерди токтото албайт.
«Педофилдерди химиялык же хирургиялык жол менен бычуу керек деген маалыматтарды угуп жатам. Менин оюмча бул пайдасыз нерсе, анткени педофилдер бузукулар. Алар зомбулукту урук бези жок деле уланта беришет. Бычуу аларга жардам бербейт. Ошондуктан эгерде аларды жазалайбыз десек, бизде сот системасы жакшы иштеш керек, күнөөсүн далилдеп, аны өмүр бою эркинен ажыратуу керек», — деди сексолог.
Моңоловдун айтымында, 99,9% учурда педофилдер хирургиялык бычуудан кийин дагы зомбулукка барышат.