Понедельник, 6 мая

Түркияда каза болгондордун саны өсүүдө. Кыргыз куткаруучулар жардам бергени учуп кетишти

0

Түркиядагы жер титирөөдөн эң акыркы эсептер боюнча 1121 киши каза болуп,  7 634 киши жаракат алды. 2834 үй урап түштү.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган “Жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де болгон жер титирөө 1939-жылдагы Эрзинжан жер титирөөсүнөн берки Түркиянын тарыхындагы эң чоң кырсык болгонун айтты. “Тилекке каршы, тилекке каршы өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн”, — деген президент издөө-куткаруу иштери уланып жатканын белгиледи.

Жер титирөө Газиантеп аймагынан түштүк-чыгышты карай 26 чакырым аралыкта жайгашып, очогу жети чакырым тереңдикте экени айтылган. Ал Сирия менен чектешкен аймактан анча алыс эмес жайгашкан. Жер жарым саат аралыгында Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада да силкинген.

Муну менен катар ӨКМ 63 куткаруучу жана 2 кинологдун Түркияга учуп кеткенин маалымдады. Куткаруучулар өздөрү менен кошо куткаруу жабдууларын ала кетишти. Алар: чатырлап, талаа шартында иштөө үчүн азык-түлүктөр.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз