Воскресенье, 28 апреля

Түркиядагы зилзала. Албанияда аза күтүү күнү жарыяланды

0

Албанияда Түркиядагы зилзалада курман болгондор үчүн аза күтүү жарыяланды. Албания өкмөтүнүн чечимине ылайык 13-февраль өлкөдө аза күтүү күнү белгиленет. Албания Түркияга куткаруучуларды жиберген алгачкы өлкөлөрдөн болгон.

Буга чейин Косово өкмөтү да Түркиядагы жер титирөөдө курман болгондор үчүн аза күтүү күнүн жарыялаган.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Курман болгондордун саны 21 миңге жакындады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз