Пятница, 10 мая

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 31 миң 643кө жетти

0

Түркияда очогу Кахраманмараш болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн бир жума өткөн соң каза болгондордун саны 31 миң 643кө жетти.

Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) билдирүүсүндө 10 облуста болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 31 миң 643кө жетти.

Билдирүүдө жаракат алгандардын саны 80 миң 278 деп белгиленди.

Куткаруучулар урандылардын алдынан аман калган адамдарды алып чыгууну улантууда. Бирок күн өткөн сайын мындай кабарлардын саны азаюуда. Дүйшөмбү күнү бир үй-бүлөдөгү үч аял, ошондой эле төрт жаштагы бир бала куткарылганы кабарланды. Алар урандылардын алдында 170 саттан ашык убакыт болушкан.

Абалды аба ырайынын сууктугу жана имараттардын конструкциясынын туура эмес түзүлгөндүгү оорлотууда – үйлөр ураганда майда бөлүктөргө бөлүнүп, анын алдында калган адамдардын тирүү калуу ыктымалдыгын төмөндөткөн. Түркияда мындай имараттардын курулушуна ыктымал жооптуу катары 134 кишиге карата тергөө иштери башталганы кабарланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз