Түркиядагы катуу жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарында жабыркаган жарандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр тигилди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Боз үйлөрдө үй-жайсыз калган жарандар убактылуу жашашат. Жалпысынан 78 боз үй тигилди.