Четверг, 9 мая

Министр Бообек Ажикеев Кахраманмараштагы куткаруучулардан кабар алды

0

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркияда жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарында болду.

Ведомстводон билдиргендей, министр Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен бирге мындагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн түзүлгөн атайын штабдын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жолугуп, издөө-куткаруу иштери менен таанышты.

Андан соң министр кыргыз куткаруучуларына бөлүнгөн 5 тилкеде эки нөөмөт менен иштеп жаткан өздүк курамдын абалын жана алардын ишин көрүп, ал жердеги жакындарын жоготкондорго көңүл айтты

Ошондой эле министр Бообек Ажикеев Кыргызстандан түрк элине жардамга берилген боз үйлөр шаарчасына барып, Вандык кыргыздар менен жолугушту.

Учурда бул жерде Кыргызстандан барган 200дөн ашуун куткаруучу издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз