Воскресенье, 19 мая

Бишкекте Ооганстанда курман болгон жоокерлер эскерилди

0

Бүгүн борбор калаадагы «Ататүрк» паркында советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына карата эскерүү-митинги өттү.

Иш-чарага коргонуу министри Бактыбек Бекболотов, афганчы-ардагерлер, Бишкектин биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков, «Кант» аба базасынын өкүлдөрү жана башка жарандар катышты.

1989-жылы 15-февралда Ооганстандан советтик жоокерлер чыгарылган. Көптөрдүн өмүрүн алган бул кагылыш расмий түрдө 1979-жыл 25-декабрь деп белгиленип келет. Себеби ошол датада советтик аскерлер Ооганстандын аймагына киргизилген. Он жылга чукул созулган согушта интернационалист-жоокерлердин арасында жети миң кыргызстандык да болгон. Алардын 300гө жакыны өлүмгө тике карап, баатырларча курман болгон. 1500 аскер жаракат алса, төрт жоокердин дайыны чыкпай калган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз