Понедельник, 13 мая

Өлкөдө айрым жолдорго акы төлөнөт. Тизме

0

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Автомобиль жолдору жѳнүндѳ” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Маалым болгондой, мыйзам долбоору жол тармагындагы процесстерди жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча санариптик чечимдерди ийгиликтүү ишке ашыруунун эл аралык тажрыйбасынын контекстинде жол тармагын колдоо жана өнүктүрүү боюнча милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Тагыраак айтканда, мыйзам долбоору акы төлөнүүчү жол концепциясын киргизүү; акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун түзүү, автомобиль жолдорун акы төлөнүүчү объект катары пайдаланууну уюштуруу жана мөөнөттөрү боюнча чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары; реконструкциялоого жана эксплуатациялоого инвесторлорду стимулдаштыруу боюнча чаралар, акы төлөнүүчү жолдорду курууга жана башкарууга жеке инвесторлордун катышуусунун формалары боюнча нормалар сунушталууда.

Маалыматка ылайык акы төлөнүүчү жолдорго: Өзгөн айланма жолу, Алмата — Чолпон-Ата жолу, Бишкек шаарындагы батыш айланма жолу, Сосновка жолу, Төө-Ашууда курула турган жаңы туннелдин жолу кирет.

Жыйында депутат Медер Алиев акы төлөнүүчү жолдордун болжолдуу акысы канча болорун сурады.

Министрдин орун басары, азырынча баасы белгисиз экендигин айтып, баа жолдордун курулушуна кеткен сметалык баага жараша болорун жана аны компетенттүү органдар иштеп чыгарын белгиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз